"3 жыл чыдап коёлу". Акылбек Жапаров калкты электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды
RU

"3 жыл чыдап коёлу". Акылбек Жапаров калкты электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элге кайрылуу жасап, аны Facebook баракчасына жарыялады. Анда минкабдын башчысы электр энергиясынын таңкыстыгы качан чечилерин, ага чейин электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

"Кыштын күнү электр энергияны үнөмдөп колдонгула"деп Энергетика министрлиги элге кайрылып жатат. Айрым жарандарыбыз болсо андан саясат жасагылары келүүдө.

"Мына өлдүк, кыштын күнү тоңобуз, бул бийлик свет менен камсыз кыла албай калды" деген сыяктуу сындарды айта башташты.

Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, ГЭСтерибиз бүтөрү менен электр энергиясынын маселеси чечилет.

30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу.

Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак.

ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Россиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бизди, азыркы өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14332