Ленин райондук шайлоо округу боюнча ЖКга кайра шайлоо башталды
RU

Ленин райондук шайлоо округу боюнча ЖКга кайра шайлоо башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-сентябрда Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо башталды.

Ага 24 талапкер ат салышып жатат. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу уюштурулган.

Эске салсак, БШК 16-июнда Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоодо алдыда келе жаткан талапкер Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, кайра шайлоо дайындалган.

Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.

Кийин 11-сентябрда өтө турчу кайра шайлоого катышууга ниетин билдирип, бирок БШК Жаныбек Абировду депутаттык шайлоого катышууга укук берген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14334