"Тазалык" карызы бар жарандарды "жазалайт"
RU

"Тазалык" карызы бар жарандарды "жазалайт"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын жашоочулары "Тазалык" муниципалдык ишканасына 185 миллион сом карыз. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

Белгилүү болгондой, абоненттердин карызынан улам ишкана кызматкерлеринин айлыктары кечиктирилип, техника өз убагында оңдолбой келет.

Буга ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери акча төлөбөй жүргөн жашоочулардын үйлөрүнө атайын чаптамаларды (наклейкаларды) чаптоону сунуштап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14335