Кир суунун айынан көлмөдөгү балыктар өлүп жатабы? "Бишкекводоканалдын" жообу
RU

Кир суунун айынан көлмөдөгү балыктар өлүп жатабы? "Бишкекводоканалдын" жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Озерный көлмөсүндө талаалардын сугатына шаардык агынды сууларды тазалоочу жайдан келип жаткандыгын көрсөткөн видео тараган. Бул жерден суу көлмөлөргө агып түшүп, балыктар массалык түрдө өлө баштаган, деп видеодо айтылат.

"Бишкекводоканал" ишканасы бул маалыматты төгүндөдү. Алардын айтымында агынды суулар тазалангандан кийин Чүй дарыясына агып түшөт.

"Ал суу Озерный көлмөсүнө же Чүйдөн башка жерге агып түшүүсү мүмкүн эмес", - деп ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Андан тышкары ведомоство берген маалыматка ылайык, Озерный аймагындагы талаалардын сугатына суу Ала-Арча дарыясынан агып түшөт.

Интернетте тарап жаткан видео эмне видео экенин "Бишкекводоканал" түшүндүрүп бере алган жок. Бул алардын жоопкерчилигине караштуу эместигин белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1433