Ала-Букада жайыт комитетинин башчысы коңшу өлукөнүн жаранынан пара талап кылганга шектелди
RU

Ала-Букада жайыт комитетинин башчысы коңшу өлукөнүн жаранынан пара талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Бука райондук "Жайыт комитетинин" төрагасы пара талап кылган деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, УКМКга Өзбекстандын жараны кайрылган. Ал 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 доллар акча талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш а/а "Жайыт комитетинин" төрагасы К.у.Кга карата чара көрүүнү суранган.

Бул фактынын негизинде 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.у.К. талап кылынган акчанын бир бөлүгүн - 1000 долларды алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14346