"Дүйнөгө болгон терезеңиз". Эмне үчүн "Ала-Тоо" эл аралык университетин тандоо керек?
RU

"Дүйнөгө болгон терезеңиз". Эмне үчүн "Ала-Тоо" эл аралык университетин тандоо керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзүң үчүн "Дүйнө терезесин ачуу" - бул "Ала-Тоо" эл аралык университетинин ар бир студенти колдоно турган мүмкүнчүлүк. Университеттин эл аралык мамилелер кеңсеси интернационализация жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү принципин колдонуп, чет өлкөдөгү өнөктөштөрдүн санын кеңейтүү боюнча тынымсыз иш алып барат. Басып өткөн жолдун натыйжасы катары АЭУнун студенттери жана окутуучулары Кыргызстандагы жожодордун ичинен мобилдүүлүгүнүн саны боюнча лидер позициясында турганы айгинелейт:

  • Жыл сайын эки тараптуу алмашуу программасынын алкагында 70тен ашык студент чет өлкөгө жөнөтүлөт.
  • Жыл сайын стипендиялык программалардын алкагында ондон ашык студент чет өлкөгө жөнөтүлөт.
  • Жыл сайын Erasmus +, FulBright программаларынын алкагында 20дан ашык студент чет өлкөгө жөнөйт.
  • Жыл сайын FulBright жана Конфуций программаларынын алкагында үчтөн ашык профессор келет.
  • Дүйнө жүзү боюнча 100 ашык алдыңкы университет менен өнөктөштүк.
  • Жыл сайын Erasmus+, American Councils, RITA алкагында 7ден ашык долбоордук сунуштар.
  • Жыл сайын 120-150 чет элдик студент күндүзгү программа боюнча билим алышат.
  • Жыл сайын бештен ашык чет өлкөлүк профессорлор университеттин профессордук-окутуучулук курамына туруктуу негизде кошулат.

Акыркы жылдары АЭУнун студенттеринин жана кызматкерлеринин эл аралык мобилдүүлүгү кыйла жогорулады. 2008-жылдан 2020 жылга чейин 234 студент жана 63 окутуучу алмашуу программалардын алкагында чет өлкөлүк университеттерге жөнөтүлдү.

Ар бир академиялык жылда эл аралык мамилелердин кеңсеси эки тараптуу макулдашуунун алкагында 70тен 90 студентке чейин бир семестрге жөнөтөт. Анда студенттер өз чыгашаларын өздөрү көтөрүшөт, бирок чет өлкөлүк жождо акысыз билим алышат. Эл аралык мамилелер кеңсеси өнөктөш университеттердин санын кеңейтүү үчүн тынымсыз аракеттерди көрүп турат. Учурда "Ала-Тоонун" 85 алдыңкы университеттер менен өз ара түшүнүшүү меморандуму бар. Алар АКШ, Мексика, Франция, Германия, Албания, Индонезия, Малайзия, Кытай, Түштүк Корея, Польша, Аргентина, Казакстан, Шри-Ланка. Грузия, Украина, Индия, Австрия, Беларусия, Хорватия, Литва, Латвия, Тайвань ж.б.

Өнөктөш жождордун тизмеси менен шилтеме аркылуу өтүп, университеттин сайтынан жакындан таанышсаңыз болот.

"Ала-Тоо" Эл аралык университети АКШ, Австралия, Түркия, Кытай, Индия, Филиппин, Улуу Британия ж.б. мамлекеттерден келген активдүү жана квалификациясы жогору болгон профессорлор үчүн үйгө айланды. Окутуучулардын ушундай мультимаданий курамы АЭУнун студенттери үчүн жаңы горизонтторду ачып, чет тилин алып жүрүүчүлөр менен машыктырууга шарт түзөт.

Кыргызстандын эн эл аралык университетине тапшыруу тууралуу баардык маалыматты www.alatoo.edu.kg сайты же +996 555 820 000 (WhatsApp), +996 312 63 04 07 телефон номерлери аркылуу билсеңиз болот.

"Ала-Тоо" эл аралык университети - бул сиздин дүйнөгө болгон терезеңиз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1434