Депутат тамеки чеккендерди мамлекеттик кызматка албоону сунуштоодо
RU

Депутат тамеки чеккендерди мамлекеттик кызматка албоону сунуштоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын калкын тамеки чегүүнүн кесепеттеринен коргоо мыйзамы аткарылбай жатат. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, парламенттин имаратында тамеки чегилип жатып, тамеки тартпагандар ажатканага кире албай турган абалга келди. Ошондуктан, депутаттар тобу - Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Мында мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана ишканалар өрт жана санитардык коопсуздуктун талаптарын сактоо менен тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн обочолонгон бөлмөлөрдү уюштурууга жана аларды желдетүү системалары менен жабдууга милдеттүү.

Дастан Бекешев буга чейин тамеки тартуучу жайларды жабдууну сунуштаганын эске салды. Бирок, анын айтымында, муниципалдык жана мамлекеттик органдардын имараттарында тамеки тартууга таптакыр тыюу салынган.

"Бул жеке менчик эмес, мамлекеттик менчик. Ал эми аларды атайын тамеки тартуучу бөлмөлөр менен жабдуу мүмкүнбү же жокпу, аны мамлекеттик органдардын жетекчилери эмес, жарандар чечет. Негизинен кызматкерлер тамеки чегүүнү таштап, эрк көрсөтүп, спорт менен машыгышы керек ", - деп белгиледи депутат.

"Анда тамеки чеккендерди мамлекеттик кызматка алууга болбойт деген норма киргизели. Тамеки тартсаң жумушка орношпойсуң. Мамлекеттик кызматкер үлгү болушу керек", - деди Ормонов. Ал ошондой эле тамеки буюмдарын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну киргизүү мүмкүн деп эсептейт.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жактырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14352