Камчыбек Ташиев абактагы шартка нааразы болгон саясатчыларга: "Түрмө пансионат эмес"
RU

Камчыбек Ташиев абактагы шартка нааразы болгон саясатчыларга: "Түрмө пансионат эмес"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев абактагы шартка нааразы болгон саясатчыларга "түрмө пансионат эмес" деп жооп берди. Бул туурасында ал Чаек айылында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземинде айтты.

"30 жылдан бери бир гана саясат менен жүрөбүз. Мамлекетте 3 жолу төңкөрүш кылдык. Бирибиз бийликке келдик, бирибизди камадык, дагы бирибизди чыгардык. Бирок элдин турмушу оңолуп кеткен, жыргап кеткен жок. Эмне үчүн? Себеби буга чейинки жетекчилерибиз саясат үчүн гана сагызгандай шакылдап сайрагандан, тилинен башка эч нерсе келген эмес. Жер-жерлерге бөлүнүп алышып, чабышып жүрүшкөн, Кыргызстанды эч ким ойлогон эмес", - деди ал.

Ташиевдин айтымында, азыр мамлекетти күчтүү кылууга учур келди. Ушул учурду пайдаланып калуу керек.

"Кыргыз деген атты сактап калыш, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин колубузда. Ал эми талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбей тили менен буудай куургандар, мамлекетти тоноп алып дагы бир ызы-чуу кылам дегендердин баарына мыйзам чегинде жаза беришибиз керек. Башка айла жок. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Кээ бири азыр "түрмөдө бизди катуу кармап, катаал шартты коюп жатат" деп арызданышууда. Түрмө пансионат эмес. Түрмө деген түрмө. Ал ошол үчүн курулган. Ошого чыдабайбы мыйзам бузбасын", - дейт Ташиев.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар шарты жок камерага которулгандарын айтып нааразы болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14359