"Эрки күчтүү кыргыздар казино ойнобойт". Нурлан Мотуев Садыр Жапаровду колдоду
RU

"Эрки күчтүү кыргыздар казино ойнобойт". Нурлан Мотуев Садыр Жапаровду колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурлан Мотуев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкө боюнча казино ачуу сунушун колдоду.

Анын айтымында көпчүлүк кыргызстандыктар мамлекет башчысынын интервьюсун көрдү. Ага жаккан нерселер төмөнкүлөр:

"Президент Садыр Жапаров европа улутундагылардан коркпостон "чочко арам, арак арам" деп сүйлөдү. Буга чейин бир да президент мынтип сүйлөй алган эмес", - деди Мотуев.

"Казино боюнча айтаарым чет өлкөлүктөр ойной берсин. Биздин кыргыздар болсо кирбейт дейт. Эркибиз күчтүү кыргызбыз, кыйын кыргызбыз - дейсиңер, кирбей койгула, ойнобой койгула. Эркиңер күчтүү экенин көрөлү. Арак деле мисалы дуулдап магазиндерде сатылып атат, эрки күчтүу адамдар ичпейт, кирбейт. Мен мисалы ичпейм, кирбейм. Силерди эмне бирөө камчы менен айдап киргизеби казиного?" - деген Мотуевдин видеокайрылуусу социалдык тармактарга жайылып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1435