Кыргыз-казак чек арасында туристтердин чемодандарын кол менен текшерген видео
RU

Кыргыз-казак чек арасында туристтердин чемодандарын кол менен текшерген видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда кыргыз-казак чек арасында аскерлер туристтердин чемодан, сумкаларында эмне бар экенин текшерип жаткан видео тарады. Видеого тарткан жаран бул көрүнүш Каркыра өткөрмө бекетинде болгонун айтат.

Анда ар бир чемоданды ачтырып, ичинде эмне бар экенин текшерип жатканын көрүүгө болот. Буга күбө болгон окурман нааразычылыгын айтып, коңшу өлкөнүн чек арасында рентген аппараты турганын, кыргыз тарапка өткөндө кол менен текшерип жатканын уят деген.

Чек ара кызматынын комментарийи

"Каркыра" өткөрмө постунда тартылган видео боюнча УКМКнын Чек ара кызматы түшүндүрмө берди. Анда 24-беренеге ылайык, Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында чек ара көзөмөлү адамдарга, транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата мамлекеттик контролдун түрлөрүнүн бири болуп саналат жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды текшерүүнү камтыйт деп айтылат.

"Текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өлкөгө алып кирүүгө же алып чыгууга тыюу салынган жүктөрдү жана товарларды табуу максатында жүргүзүлөт. Текшерүү чек арачылар тарабынан транспорт каражаттарын жана алар ташыган жүктөрдү жана товарларды кароодон турат.

Видеодогу аскер кызматчысынын аракеттери мыйзамдуу.

Анткени "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" мыйзамдын 43-беренесине ылайык, мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине чек араны бузгандарды, мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө тыюу салынган жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды аныктоо максатында транспорт каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү кароону (текшерүүнү) жүргүзүү кирет.

Учурда объективдүү себептерден улам "Каркыра – автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пункту объектилердин ички түзүлүштөрүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү жабдуулар менен жабдылган эмес.

Бирок, 2024-жылы УКМКнын Чек ара кызматы үч көзөмөл өткөрүү жайын, анын ичинде "Каркыра" постун толук реконструкциялайт. Реконструкцияланган өткөрүү пункттары эң акыркы техникалык жабдуулар менен жабдылат", - дешти Чек ара кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14360