Камчыбек Ташиев аскер кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды
RU

Камчыбек Ташиев аскер кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында УКМКнын №2026 жана №2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычы тапшырылды.

Чек ара кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.

Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

"Мекен чегинин сакчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселеси ар дайым Кыргызстандын президентинин көңүл борборунда, ошондой эле аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү үчүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга жалпы өлкө жетекчилиги тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлүп келүүдө. Ага бүгүнкү иш-чара айкын мисал болуп турат", - деп белгиледи Ташиев.

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында жайгашкан. Үй жеке долбоор менен республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Батирлердин орточо аянты 62-87 м2 түзөт. Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.

Жалпы 36 аскер кызматчынын үй-бүлөсүнө батирлердин ачкычы тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14370