"Кыргызалтын" ишканасынын филиалында 12 млн сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталды
RU

"Кыргызалтын" ишканасынын филиалында 12 млн сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Иликтөөнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан "Кыргызалтын" ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын (АТИФ) жооптуу адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгарууга байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери жана фактылар аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдан бери АТИФтин балансында турган ондогон атайын техникалар жана унаалар иштебей турганы аныкталган. Бирок ага карабастан АТИФтин жооптуу адамдары тарабынан жогорудагы техникалар үчүн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатып алынып турган.

Ошондой эле 2019-2021-жылдар аралыгында "Кыргызалтын" ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын мурдагы директору М.М.М. менен жеке ишкер И.Р.К. темир жол рельстерин оңдоо үчүн зарыл болгон материалдарды алып берүүгө жана аларды оңдоо (монтаждоо жана демонтаждоо) боюнча иштерди жүргүзүүгө жасалма келишимдерди түзүшкөн. Бирок подрядчы тарабынан материалдарды жана жогоруда аталган оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ал филиалдын жооптуу адамдарынын өтүнүчү менен гана сынакка катышкан. Подрядчы анын банк эсебине которулган бардык каражаттарды "Кыргызалтын" ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын кызматкерлерине өткөрүп берген.

2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-августуна чейинки аралыкта "Кыргызалтын" ААКнын АТИФтин ишмердүүлүгүндө жалпы суммасы 12 млн 242 миң 627 сомду түзгөн финансылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкананын мурдагы директору жана башкы инженери Кылмыш-жаза кодексинин 245-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда (өзгөчө оор өлчөмдө зыян келтирүү менен жасалган коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмыш жасаган деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14372