"Унаа" мекемесинин каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси убактылуу токтоду
RU

"Унаа" мекемесинин каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси убактылуу токтоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси үзгүлтүккө учурап калууда. Бул тууралуу ИИМдин "Унаа" ишканасынан кабарлашты.

Бүгүн, 13-сентябрда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси токтоп калууда.

Бул бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу. Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат.

"Унаа" мекемеси каттоо бөлүмдөрүнө кайрылган жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14374