Кытайдын түштүгүндө фермадан 70 крокодил качып кетти
RU

Кытайдын түштүгүндө фермадан 70 крокодил качып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытай маалымат каражаттары билдиргендей, Гуандун провинциясынын Маоминг шаарындагы фермадан 69 чоң жана алты жаш крокодил качып кеткен. Жергиликтүү тургундарга азырынча үйдөн чыкпай, сыртка чыкпоо сунушталган. Крокодилдер нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөндө суунун деңгээли көтөрүлүп, фермадан чыгып кетишкени айтылат.

Буга чейин бир нече крокодил качып, кайра кармалган, бирок алар терең көлгө кирип кеткендиктен кармоо процесси татаалдашкан.

Крокодилдерден эч ким жабыркаган жок деп жазышат маалымат каражаттары.

Кытайдын түштүгүндө жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам жер көчкү жүрүп, Гуанси чөлкөмүндө жети киши каза болуп, үчөө дайынсыз жоголгон деп билдирет Кытайдын Синьхуа агенттиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14375