Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту
RU

Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 13-сентябрда өттү.

Анда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле акимдер, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жетекчилер алгач, буга чейин чек ара аймактарында орун алган куралдуу жаңжалда курман болгон жарандарга багыштап куран окуп, чек ара аймактарында тынчтык, элде аманчылык болсун деп бата кылышты.

Облус башчылары Баткен жана Согди облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу максатында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында кабыл алынган чечимдерди аткаруу улантыларын белгилешти.

Ага ылайык, облус жетекчилери эл арасындагы ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр чатактарга жол бербөө боюнча чектеш жайгашкан район акимдерине жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине биргелешип иштөө менен коомдук коопсуздукту камсыздоону тапшырышты.

Абдикарим Алимбаев менен Раджаббой Ахмадзода чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатында байма-бай жолугушуп турат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү күнүмдүк тартипте иштеп жатканын кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14387