Суу ташкынынан көптөгөн адам курман болду. Кыргызстан Ливия элине көңүл айтат
RU

Суу ташкынынан көптөгөн адам курман болду. Кыргызстан Ливия элине көңүл айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасы табигый кырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ливия мамлекетине көңүл айтат. Бул туурасында өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Белгилесек, 10-сентябрда Ливияда суу ташкыны болуп, 3 миңден ашык адам курман болсо, миңдеген тургундар дайынсыз болгон. Бул сандар өсүшү мүмкүн.

Адам курмандыктарына алып келген табигый кырыскка байланыштуу Кыргызстан Ливия элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин жана бардык дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын тилеп, оор сыноо саатын башынан өткөрүп жаткан Ливия элине сабырдуулук, кайраттуулук жана биримдикти чын дилден каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14390