1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Президент жарлыкка кол койду
RU

1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Президент жарлыкка кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдайт.

Жарлык пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталат. Конституциянын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, 2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө белгиленди.

Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт, ага 3,9 млрд сом каралды. Пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1692 сомго көп.

"Мында жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Бул жогорулатуу инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору", - деп айтылат маалыматта.

Пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 млрд сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 млрд сомду түзөт. Ошону менен бирге пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат.

30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси азыркы кезде каралууда, ошол себептен кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсептери жүргүзүлүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14393