Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм төрөлдү
RU

Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үч эмдин төрөлүшү Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүндө быйыл бешинчи жолу катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 27-августта Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гүлжамал Каратаева кош бойлуулуктун 33-аптасында Оштогу төрөт үйүндө операция жолу менен үч эм төрөгөн.

Жаңы төрөлгөн балдардын салмагы 1855 г, 1600 г жана 1390 г.

Эне менен наристелердин абалы жакшы. Гүлжамал ушул күнгө чейин бир кыздын апасы болсо, азыр төрт баланын энеси. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын баары кыз, аларга Рабия, Алия жана Асия деген ысым ыйгарылган.

Бүгүн, 13-сентябрда ымыркайлар жана алардын апасы канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14394