Кышкы каникул качан баштала турганы белгилүү болду
RU

Кышкы каникул качан баштала турганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектептердеги кышкы каникул 30-декабрдан башталат. Бул тууралуу редакцияга Билим берүү министрлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.

"30-декабрдан тарта кышкы каникул башталып, эс алуу 11-январга чейин созулат. Башкача айтканда 11-январда, дүйшөмбү күнү окуу башаталат", - деди ал.

Эске салсак, мурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты кышкы каникулду 14-декабрдан 17-январга чейин кылып, андан кийин салттуу форматта окутууну баштоону сунуштаган. Бирок Билим берүү министрлиги бул демилгени колдогон жок.

"Билим берүу процесси дистанттык форматта да базистик окуу планынын негизинде ишке ашырылып жатат. Аларды окууга белгилүү өлчөмдөгү саатар киргизилген. Бул окуу сааттар окуу процессинен алынышы мүмкүн эмес", - деп Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматы жооп берген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/143