Өлкөдө мамлекеттик дарыканаларды ачуу каралууда
RU

Өлкөдө мамлекеттик дарыканаларды ачуу каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик дарыканаларды ачууну мерчемдеп жатат. Бул туурасында министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Айтымында, 2021-жылы өлкөдө социалдык дарыканалар ачылган. Анда жеке менчик аптекаларга салыштырмалуу дары-дармектердин баасы төмөн.

"Ал дарыканаларда пенсионерлер үчүн зарыл болгон дары-дармектер бар. Келечекте биз мамлекеттик дарыканаларды ачууну пландап жатабыз", - деди ал.

Социалдык аптекалар Ош менен Жалал-Абадда эле бар. Мен кызматтан кеткенде мындай дарыканаларды ачуу токтоп калган. Каржылоо мамлекеттен болбойт, биз дарыканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, дары-дармектердин баасы жеткиликтүү болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14402