Социалдык фонддун жетекчиси 1-октябрдан тарта пенсиянын көтөрүлүшүн түшүндүрдү
RU

Социалдык фонддун жетекчиси 1-октябрдан тарта пенсиянын көтөрүлүшүн түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев "Ала-Тоо" программасынын түз эфиринде пенсия кандай принцип менен көтөрүлөрүн айтып берди.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик аппарат 1-октябрдан тарта пенсия 38%га көтөрүлөрүн билдирген. Алиевдин айтымында, социалдык тармактарда бул боюнча суроолор көп.

"Быйыл базалык бөлүгү эмес, камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Мен тактап айткым келет. Базалык бөлүгү пенсиянын мамлекет тарабынан берилүүчү бөлүгү, анын өлчөмү 3170 сом. Быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүп жатабыз. Мисалы, эгерде пенсия 10 миң сом болсо, анда бул суммадан 3170 сом алып салабыз. - бул базалык бөлүгү, 250 сому пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсация. Калган сумма пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү. "Бул сумманын так 38 пайызы пенсияга кошулат. Ошентип пенсия 10 миң сом болсо, анда ага 2500 сомго жакын акча кошулат", - деп түшүндүрдү ал.

Буга чейин 2023-жылдын үч айында пенсияны жогорулатууга 3,9 миллиард сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 миллиард сомду түзөрүн билдирген. Мында пенсияны жогорулатуу толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен, республикалык бюджеттин катышуусуз жүргүзүлөт.

Учурда пенсияны 30 миң сомдон жогору көтөрүү маселеси каралып, буга байланыштуу кошумча муктаждыктар боюнча тиешелүү эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14406