Бишкектин бир катар көчөлөрүндө унаа токтотууга тыюу салынат
RU

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө унаа токтотууга тыюу салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында райондук администрациянын, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери унаа тыгыны байкалган шаардагы көчөлөр текшеришти. Бул туурасында мэриянын маалыматында айтылат.

Комиссиялык көчмө жыйындын алкагында транспорт каражаттарын башаламан токтотуу маселелерин чечүү максатында Бөкөнбаев, Москва, Логвиненко, Панфилов, Шопоков, Тыныстанов, Ибраимов, Токтогул көчөлөрүнө тиешелүү 3.27 "токтотууга тыюу салынган" жол белгилерин орнотуу, ошондой эле жогоруда аталган көчөлөргө параллелдүү токтоонун тиешелүү белгилерин орнотуу боюнча тапшырмалар берилди.

Андан тышкары көчмө комиссиянын алкагында Бөкөнбаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуарлардын сапаты текшерилди. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына тротуарларды курууда бардык зарыл болгон курулуш нормаларын сактоо, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу жана иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо жөнүндө протоколдук тапшырмалар берилди.

Шопоков көчөсү боюнча ("ЦУМ" соода борборунун жанында) башаламан токтотуу маселеси каралып, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына "токтотууга тыюу салынган" жол белгилерин орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма берилди.

Бул чаралар Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга, унааларды башаламан токтотууга каршы күрөшүүгө багытталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14409