Чет өлкөлүк жаранга бычак сайышкан. Алдын ала маалымат боюнча кызганычтын айынан
RU

Чет өлкөлүк жаранга бычак сайышкан. Алдын ала маалымат боюнча кызганычтын айынан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунда чет өлкөлүк жаранга бычак сайды, деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБси маалымдады.

Такталган маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат 04:21 чамаларында Ысык-Ата РИИБсинин нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу түшүп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракаты менен эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде, Ысык-Ата РИИБсинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгып, териштирүү учурунда ооруканага түшкөн жаран 1998-жылы туулган Ш.Н. аттуу жогорку окуу жайлардын биринде окуган, чет өлкөлүк экендиги аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББси жана Ысык-Ата РИИБсинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жергиликтүү Ч.М. аттуу жашоочу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Алдын ала териштирүү боюнча, жогорудагы окуя кызганычтан келип чыкканы белгилүү болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1440