"Тазалыктын" кызматкери: "Пайгамбар жашына келип калдым, бирок иштей берем" (маек)
RU

"Тазалыктын" кызматкери: "Пайгамбар жашына келип калдым, бирок иштей берем" (маек)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Садыр Жапаров эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Анда Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери Напа Раимжанова сыйланды.

Анын сыйлык алганына көпчүлүк кубанып, жакшы каалоо-тилектерин айтышууда. Сыйлык ээси менен Kaktus.kg сайты жакындан таанышып кайтты.

Напа Раимжанова 1961-жылы Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. 5 баланын энеси. Пайгамбар жашына келип калса да балдарынын келечеги үчүн иштеп келе жатканын айтат.

Жалгыз бой энемин

Мектепте аябай жакшы окугам. Журналист болушум керек эле, бирок ата-энем каршы болуп койгон. Мектепти аяктагандан кийин эле өзүмдүн айылыма келин болуп, тамеки өстүрүп иштедим. Тагдырдын тамашасы ар кандай болот экен жолдошум экөөбүз эки жолго түштүк. "Башка түшсө байтал ат" дейт. Пайгамбар жашына келип калдым, бирок ден соолугум жакшы, ишим жакшы, айлыгым да жакшы. Мен жумушум менен сыймыктанам. Көбү "уялам" дешет. Бир дагы кесиптин уяты жок деп эсептейм. Ишимдин бааланып жатканына кубанам. Ачуу, таттуу өттү, баарына сабыр кылдык. Сабырдуулуктун арты ушундай жакшылыкка алып келди.

17 жылдан бери "Тазалыкта" иштейм

Алды-кетти заман болуп турганда базарда иштеп, эптей албай койдум. Аябай кыйналып кеткенде Ленин райондук администрациясынын башчысына жумуш сурап кирдим. Ал кезде каттоосу шаарда болгондор гана ишке алынчу экен. Менин каттоом айылда болчу. Ошондо Николай Иванович коммуналдык чарбага жумушка кабыл алды. Ошондон бери иштеп келе жатам. Мен иштеген чарба бара-бара өзгөрүп, 2008-жылы тазалыкчылар өзүнчө, жашылдандыруучулар өзүнчө бөлүндү. Балдарды багып, чоңойтуп, келечеги үчүн баш-аягы 17 жылдан бери талыкпай иштеп келе жатам. Башында 6 миң сом айлык алчумун. Акырындан көбөйүп, азыр 25 миң сом алып калдым. Ар кандай жетекчилерди да көрдүк, айрымдары бизди кадырлаган жок. Жакында жаш жетекчи келди, жакшы иштеп жатат. Ушундай жетекчилерди бат эле алмаштырып салбай, узагыраак иштетсе шаар тазарып кетет деп айта алам.

Адамдар карай албаган нерселерди биз колубуз менен тазалайбыз

Тазалыкчылар алышат деп болгон нерселердин баарын ыргыта беришет. Бизге колдоо көрсөтүп, ар ким өзүнүн аймагына, ишканасына тиешелүү жактарда көзөмөлдөсө болмок. Мен Санэпидемстанцияга сын айтам. Иттин өлүктөрү жана башка ошондой жийиркеничтүү нерселерди көрсө да көрмөксөн болушат. Адамдар карай албаган нерселерди биз ушул колдорубуз менен тазалайбыз.

Кышында муздарды жарабыз

Жумуш таңкы саат 05:00дө башталып, саат 09:00дө бүтүшү керек. Бул убакыт аралыгында бөлүнгөн участокту шыпырып, тазалап жетишишибиз керек. Биринчи кезекте көчө, тротураларды шыпырып алабыз. Андан кийин газон, арыктын жээгиндеги таштандыларды чогултуп, чөп-чарларды жулабыз. Мен саат 10го чейин иштейм. Кээде дем алышсыз иштей берем. Кышында муздарды да жарабыз.

Коррупция болсо мен сыйланбай калмакмын

"Тазалык" ишканасынан мамлекеттик сыйлыктарды алгандар болгон. Бирок алар жетекчилер болчу. Садыр Жапаров президент болгонго чейин катардагы кызматкерлер бааланбай, алардан алган эмес. Мен документтерди күзгүдөй кылып бергем, канча талкуу менен кетти. Коррупция иштебей, кагаз иштегенине сүйүндүм. Эгер жемкорлук болсо сыйлык алмак эмесмин.

Кичинекей балдар, интеллигент адамдардан бери куттуктап жатышат

Ажонун колунан Ардак грамота алганыма кубанып, учкан куштай эле болуп, дагы деле толкунданып жүрөм. Куттуктоолордун аягы суюла элек, көчөдөн өткөндөр, интеллигент адамдар да, кичинекей балдар да куттуктап жатышат. Бала чагымдагы айылдаш, классташтарым да куттук айтышууда. Ушунчалыкка жетет деп ойлогон эмесмин. Жылдыз болуп кеттим десем жаңылышпайм.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14411