Бишкектен Стамбулга учкан учак техникалык мүчүлүштүктөн улам эки ирет артка кайтты
RU

Бишкектен Стамбулга учкан учак техникалык мүчүлүштүктөн улам эки ирет артка кайтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектен Түркияга учкан учак бузулуп, эки жолу кайтып келди. Бул тууралуу маалыматты "Манас" аэропортунан Kaktus.media сайтына тастыкташты.

Белгиленгендей, кечээ кечинде Бишкектен Стамбулга ТК-347 рейсин аткарган Түрк аба жолдорунун учагы саат 02:32де учкан, бирок техникалык себептерден улам артка кайткан.

Учак саат 03:29да конгондон кийин техниктер борттогу компьютердеги катаны оңдошкан. Учууга уруксат берилип, учак саат 05:31де учарда кайрадан техникалык ката чыккан. Натыйжада 174 жүргүнчү түшүрүлүп, шаардагы мейманканага жеткирилди.

Учурда мүчүлүштүктү жоюу иштери жүрүп жатат. Учак болжолдуу түрдө саат 21:00дө учат. Эгер ката оңдолбосо, жүргүнчүлөрдү башка учак менен алып кетүү убада кылынууда.

Ушундай эле жагдай Avia Traffic авиакомпаниясынын Бишкек-Москва каттамында да жаралган. Учак абага көтөрүлүп, бирок андан кийин техникалык себептерден улам артка кайтууга аргасыз болгон. Көйгөй оңдолгондон кийин, учак белгиленген багытка кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14416