Сыймык Жапыкеев арыз жазып прокуратурадагы жумушунан кетти
RU

Сыймык Жапыкеев арыз жазып прокуратурадагы жумушунан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы полициясынын генерал-майору Сыймык Жапыкеев прокуратура органдарынан кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына ал өзү билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 28-апрелде Ысык-Көл облусу боюнча прокурор кызматынан кетүү тууралуу арызын өз каалоосу менен жазды.

"Мага эч ким, эч кандай кысым көрсөткөн жок. Мен прокуратурадан өзүм кеттим, ден соолугума байланыштуу. Тагыраак айтканда, ден соолугума көбүрөөк убакыт бөлөм", - деди Жапыкеев.

Ал саясатчы эместигин ошондуктан оппозицига өтпөй тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 17-октябрында Сыймык Жапыкеев ЭККМКнын төрагасы болуп дайындалып, кайра 2021-жылдын 5-мартында өкмөт ЭККМКны начар иштеди, деп жоюп салуу чечимин кабыл алат. Ошол эле учурда Жапыкеевге финансы полициясынын генерал-майору деген наам ыйгарылат. Ал андан көп өтпөй, 30-мартта Ысык-Көл облусунун прокурору кызматына дайындалган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1441