Тенгиз Бөлтүрүктүн иши токтотулду
RU

Тенгиз Бөлтүрүктүн иши токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүккө карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, Аскер прокуратурасы айыпталуучунун ооруп калганына байланыштуу 5-сентябрда тергөөнү убактылуу токтоткон.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Т. Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтагы коррупциялык схемадан улам, алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

"Бул сумманын ичинен 10 миллион сомун Т. Бөлтүрүк өзү төлөп берген. Төлөмдү 2023-жылдын 27-апрелинде Тогузбаев Чыңгыз Турсунбекович төлөгөн, бирок ал ким экени белгисиз", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14420