Бишкекте жеке менчик мектептин жетекчиси зордуктоого шектелип жатат
RU

Бишкекте жеке менчик мектептин жетекчиси зордуктоого шектелип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаадагы англис тилин үйрөтүүчү жеке мектептердин биринин жетекчиси жарандык аялын сабап, зордуктады деп айыптап жатат. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, 15-сентябрда милицияга арыз менен Д.М кайрылып, 14-сентябрда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган адам У.Э.га карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында шектүү арыздануучунун эркине каршы интимдик мамилеге барып, ошондой эле денесине залал келтирген.

Тергөө кызматы тарабынан "Зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.

Көп өтпөй 1985-жылы туулган У.Э., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту ага карата 2 айга №1 СИЗОго камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14442