Түркияда тик учактын кулашы: борттогу бир кыргызстандыктын сөөгү табылды
RU

Түркияда тик учактын кулашы: борттогу бир кыргызстандыктын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 16-сентябрында Измир облусунун Мендерес районунда токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учактын кулашына байланыштуу министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан алынган маалыматка караганда, консулдук кызматкери жабыркаган КР жараны Э.И.ни көргөнү ооруканага барган. Жабырлануучунун абалы туруктуу, көптөгөн жаракаттар бар.

Маалыматка ылайык, каза болгон КР жараны О.О.нун жансыз денеси табылды. Учурда учакта болгон дагы бир КР жаранын издөө иштери жүрүп жатат.

Министрлик КРнын Анкарадагы элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу менен биргеликте керектүү иштерди жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Измирге жакын жайгашкан Түркиянын Мендерес шаарында өрт өчүрүүчү тик учак кулап түшкөн. Бул тик учак Измирдеги токой өрттөрүн өчүрүүгө катышкан. Экипаж менен байланыш саат 23:53тө тик учак сууга көтөрүлүп баратканда үзүлгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак сууга көтөрүлгөндөн кийин Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта төрт адам болгон - алардын үчөө Кыргызстандын жараны болгону айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14448