Садыр Жапаров БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесине келди
RU

Садыр Жапаров БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесине келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 18-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин ачылыш аземине катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Бул форумдун негизги максаты - дүйнөнү бардыгы үчүн жашыл, таза, коопсуз жана адилеттүү келечекти түзүү.

Саммитинин ачылышында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Деннис Фрэнсис жана Экономикалык жана социалдык кеңештин төрагасы Паула Нарваес сөз сүйлөшөт.

Саммиттин лидерлеринин диалогунун алкагында Садыр Жапаров сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына жана анын сөз сүйлөөгө катышуусу эртең, 19-сентябрда болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14452