Баткендин көчөлөрүнө маңзаттарды сатып алууга чакырган жарыяларды калтыргандар аныкталды
RU

Баткендин көчөлөрүнө маңзаттарды сатып алууга чакырган жарыяларды калтыргандар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендин көчөлөрүнө баңгизат жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жарыяларды калтырган жарандар аныкталды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү катары 3 жаран кармалды.

Такталгандай, Баткен шаарынын көчөлөрүнө 18-сентябрга караган түнү белгисиз жазуулар пайда болгон. Жазуулар маңзат жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жарыялар экендиги белгилүү болгон.

Баткен РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 18-сентябрда Ош шаарынын үч тургуну - 25 жаштагы Х.М., 26 жаштагы Н.С., 25 жаштагы Н.М. аттуу жарандар Баткенден кармалды. Алардын экөө мурда сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.

Бул жарандар синтетикалык наркозатын соцтармактар аркылуу жарыялап, сатып, кардар табуу аракетинде көчөлөргө жазууларды жазышкан.

Жогорудагы факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14456