Баткендеги куралдуу жаңжалда миномёттон жаракат алган чек арачыга 3 бөлмөлүү батир берилди
RU

Баткендеги куралдуу жаңжалда миномёттон жаракат алган чек арачыга 3 бөлмөлүү батир берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылы 16-сентябрда чек ара чырында жаракат алган чек арачы Дастан Шариповго батирдин ачкычын тапшырды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Бүгүн, 19-сентябрда Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда жаракаттарды алган чек ара кызматкери Дастан Шарипов менен жолугушту. Анда Ташиев Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын чек арачыга тапшырды.

Мындан сырткары УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи.

Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Дастан Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан ажыраган. Ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесине темирдин сыныктары кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14463