Жаңыланган дүйнөлүк рейтингде Тайырбек Жумашбек уулу 2-орунга көтөрүлдү
RU

Жаңыланган дүйнөлүк рейтингде Тайырбек Жумашбек уулу 2-орунга көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.

Жаңыланган рейтинг Белград шаарында (Сербия) өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Белгилесек анда кыргызстандык балбан 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Эми Тайырбек Жумашбек уулунун эсебинде 68 миң упай бар жана 61 кг салмакка чейинки балбандардын рейтингинде 2-орунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14465