"Баласын класстан чыгарып салабыз". Акча чогултууга каршы ата-эне коркутууга кабылган
RU

"Баласын класстан чыгарып салабыз". Акча чогултууга каршы ата-эне коркутууга кабылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин №17 мектебине баласын берген ата-энелердин бири Kaktus.kg редакциясына кайрылып, ата-энелер комитети ар бир ата-энеден баласы үчүн 2500 сомдон алып жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.

Өздүк булактын баласы аталган мектепте окугандыктан, баласына кысым болот деген коркунучтан улам аты-жөнү аталган жок.

"Мен Бишкек шаарындагы №17 мектепке баламды берем. Тилекке каршы биринчи класстан бери "классная копилка" деп акча чогултуп келебиз. "Пушкинист" деген сөзсүз төлөнүүчү 5400 сомдон мүчөлүк акы бар болчу. Андан тышкары ата-энелер комитети балам 1-класс кезде 1000 сомдон алчу. Ал эмнеге кетип жатканын толук билбейбиз. Класска бор алдык, антисептик алдык демиш болот. Колго жазылган кагаздар менен отчет көргөзчү. Биринин мөөрү бар болсо, экинчисинде жок.

Мен башынан бери эле мындай акча чогултууга каршымын. Анткени, биз - ата-энелер милдеттүү эмеспиз да.

45 бала болгондо быйыл 2500 сомдон чогултуп жатабыз дешти. Мен ага да каршы болдум. Себеби президенттин "Акча чогултпагыла!" деген буйругу бар. Бирок ага карабастан ата-энелер комитети 2500 сомдон чогултуп жатат. Бул 112 миң сомдун тегереги болот экен. Бул акча кимдин чөнтөгүнө, кайда кетет? Бул негизи аябай чоң акча. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Анткени - мыйзамсыз. Ал мамлекеттик мектеп да.

Көп эле ата-энелер каршы. Бирок, айткандан коркушат. Балама же кызыма мугалим же дагы башка бирөө тараптан кысым болбосун деп айтпай келишет. Бирок ата-энелер комитети көбүнчө ата-энелер макул экенин айтышып, калган аздык көпчүлүккө баш ийиш керек деп группабызга жазып, бизди мажбурлайт. Каршы болсом да жеңе албай, журналисттерге кайрылууга туура келди", - дейт ал.

"Маалыматым жок. Бир сом да алган эмесмин"

Бул маселе боюнча kaktus.kg редакциясы аталган мектептин 4-классынын класс жетекчисине кайрылды. Ал комментарий берүүдөн баш тартып, ата-энелер акча чогултуп жатканын билбегенин, алардан бир сом да албаганын жазды.

Класс жетекчинин маалыматы жок болгондон кийин, акчаларды ата-энелер комитети эмне кылып жатат деген суроо менен, аталган класстын ата-энелер комитетинин өкүлүнө кайрылдык.

Ал акчалар эмнеге кетип жатканын санап берди: балдар үчүн белек, майрамдардагы балдар үчүн чайга, кагаз басып чыгаруу, хлорка, класстын лампочкаларына.

"Мен өз каалоом менен чогултпайм. Бизде ата-энелер жыйыны болот. Анда алар "2500 сомдон чогулталы" деген чечимге келишкен. Себеби биздин балдар ар кандай конкурстар болгондо таттуу белектерди алганга көнүп калышкан. Бир жолу майрамдан кийин стимул болсун деп таттуу белектерди бергенбиз. Бул балдарга да, ата-энелерге да жаккан. Ошол үчүн.

Мисалы, ай сайын 200 сомдон деле чогултсак болот. Бирок, бир эле берип койгон ар бир ата-энеге ылайыктуу болуп жатпайбы? Биз бул 2500 сомду 4 чайга, кагаздарга жана принтердин картриджине керектейбиз. Ал деле биздин балдарга короп жатпайбы. Класс жетекчи өзүнүн чөнтөгүнөн төлөбөйт да, туурабы?

Кошумча акча топтогон кутучабызда жок дегенде 200 сомдон болушу керек. Мисалы, биз класстын 2 жарыгын алмаштыралы дегенбиз. Бирок, алар 10 жыл мурунку экен, азыр жаңылары чыгып жатыптыр. Мындан улам, бизге класстагы бардык - 10 жарыкты тең алмаштырууга туура келди. Булар күтүлбөгөн чыгымдар.

Кошумча, биз балдар менен экскурсияга чыгабыз. Циркке барабыз. Ага да кетет. Ошондой эле, быйыл биздин балдар башталгыч классты аяктап жатат. Аларга виньетка алабыз. Кыскасы, ата-эне бир жолу берип коет. Болду. Менин ата-энелеримдин баары акчалар кайда кетип жатканы тууралуу кабардар. Сарпталган акчалар тууралуу отчёт берем. Мисалы: хлор алабыз, балдарга кургак салфетка алабыз. Алардын баары менде жазылган. Бул ата-энелердин чечими", - деп түшүндүрдү ал.

Ата-энелер комитетинин өкүлү азыркы баалардын кымбаттап жатышы менен байланыштуу 2500 сом көп акча эмес деп эсептейт.

Окуучулардын ата-энелери мектепке чарбалык жана концелярдык буюмдарды алып бериши керекпи?

Негизи, мектептердин чарбалык жана концелярдык буюмдары үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт. Маселе жаралып жаткан №17 мектеп тууралуу айта туран болсок - бул мектепке каражат Октябрь районунун түзүмүндө болот.

Мэриянын Билим берүү департаментинин маалымат катчысы Мээрим Халиалдаева № 17 мектепке 2023-окуу жылы үчүн 185 миң 500 сом бөлүнгөнүн маалымдады.

"Бюджет каралганда райондордун балансына бөлүнүп берилет. Ал жерде тендер жүргүзө турган, сатып алуу жүргүзө турган тиешелүү адистер болот. Бирок, биринчи менен экинчи мектепке бөлүнгөн каражаттын суммасында айырма болушу мүмкүн. Ал мектептеги окуучунун санына байланыштуу.

№17 мектепти ала турган болсок, быйылкы окуу жылынын чарбалык жана концелярдык буюмдары үчүн 185 500 сом бөлүнгөн.

Ата-энелердин жеке мамилесине аралаша албайбыз

Ата-энелердин маселеси тууралуу: эми, бул жерде класс жетекчи же мектеп мүдүрү акча сурабай эле. Эки ата-эненин пикир келишпестиги болуп жатат. Алар өзүлөрү эле чечип алыш керек эле. Биз алардын жеке мамилесине аралаша албайбыз.

Бирок, мектептин бир да кызматкери акча албашы керек. Болбосо аларга чара көрүлөт", - деди ал.

Мэриянын Билим берүү департаментинин маалымат катчысына аталган мектептин мүдүрү былтыркы жылдан калган чарбалык, концелярдык буюмдары бар экенин айтканы белгилүү болду. Бирок, мүдүр өзү бизге маалымат берүүдөн баш тарты.

"Ким арызданганын таап, баласын класстан чыгарабыз!"

Редакция ата-энелер комитетинин өкүлү, класстын жетекисине кайрылгандан кийин, аталган класстын Whats App тобунда коркутуулар башталды. Айрым ата-энелер 2500 сом көп деп арызданган ата-эненин ким экенин таап, баласын класстан чыгаруу керек деп башташты.

Редакцияга кайрылган ата-эне баласы окуган класста 2500 сом бербейм деп журналисттерге кайрылганы үчүн башка айрым ата-энелер кодулап, эми баласы үчүн коркуп жатканын айтты.

Акча чогултууга мажбурлап же кодулаган ата-энелердин үстүнөн күч түзүмдөрүнө же Билим берүү жана илим министрлигине арыз жазсаңыз болот

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын адиси Гүлмира Умөталиева эч бир ата-эне, экинчи бир ата-энени кыйнап, баласы үчүн мектепке акча чогулттурганга укугу жок экенин айтты. Ал басмырлоого кабылган ата-энелер министрликтин коомдук кабылдамасына же күч түзүмдөрүнө кайрылса болоорун белгилеп, мамлекет ар бир баланын укугун коргоорун кошумчалады.

"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде мектептерде акча чогултулбашы керек. Ата-энелерге дагы мектеп, класс жетекчи түшүндүрүү иштери жүргүзүшү керек. Албетте, ата-эне өз ыктыяры менен мектепке же класска жардам берсе болот, бирок каалоого жараша. Бирок, ыктыярдуу бере турчу акчага каражаты жок, ата-энени экинчи бир ата-эне кыйнап чогулттуруп же коркутуп-үркүтүп, кодулай баштаса мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", - деди маалымат катчы.

Буга ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси биздин редакцияга кайрылган жаран министрликке кайрылса мекеме маселесине жардам берүүнү убадалады.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14505