"Колдоонун артында ийгилик жаралды". Айсулуу Тыныбекованын жеңиштен кийинки эмоциясы
RU

"Колдоонун артында ийгилик жаралды". Айсулуу Тыныбекованын жеңиштен кийинки эмоциясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болуп, тарых жараткан балбан Айсулуу Тыныбекова беттештен кийин сезимдери менен бөлүштү.

Ал жалпы команда алтын утабыз деген максат коюп барганын айтат.

"4 жыл мурда тарых жаратып биринчи алтынды алгам. 4 жылдан кийин дагы тарых жаратып жатабыз. Бул менин жеке медалым эмес. Мунун артында канчалаган эмгектер бар. Сүйүнүчүмдө чек жок. Бардык күйөрмандарыма, дүйнө жүзүндөгү кыргызстандыктарга, өлкө башчыга, федерациянын жетекчилигине, мүчөлөрүнө, биз менен чогуу жүргөн дарыгерлерге, машыктыруучуларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, колдоонун, тилектердин артында ийгилик жараттык", - деди ал.

Балбан буга чейинки Дүйнө чемпионатында жеңилүүсүнөн кийин кайрадан максат койгонун айтат.

"Өзүмдү бирден чогулттум десем болот. Дүйнө чемпионатында уттуруп койгондо акыбалым аябай жаман болгон. Кандай кыйынчылык болбосун максат койсоң аягы ушундай жакшы болот экен. Буюрса, алдыдагы Азия, Олимп оюндарына катышабыз", - дейт Тыныбекова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14512