Акжол Махмудов экинчи жолу дүйнөнүн чемпиону болду
RU

Акжол Махмудов экинчи жолу дүйнөнүн чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акжол Махмудов кыргыз спортунда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатын эки жолу жеңген биринчи балбан аталды.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалда кыргыз балбаны Санан Сулейманды утту.

Бул дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунундагы экинчи алтыны. Биринчи алтынды Айсулуу Тыныбекова алып, кечээ ал дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.

Эртең килем үстүнө дагы бир алтын үчүн Жоламан Шаршенбеков чыгат!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14523