Унаанын алдыңкы терезелерин караңгылатуу 30 миң сомго арзандады. Акциянын шарты кандай?
RU

Унаанын алдыңкы терезелерин караңгылатуу 30 миң сомго арзандады. Акциянын шарты кандай?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Унаанын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатуу боюнча акция башталды. Бул туурасында "Унаа" мамлекеттик мекемесинен кабарлашат.

2-октябрдан 30-ноябрга чейин автотранспорттордун алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксат кагазын каттоо акциясы өтөт.

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, унаанын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат:

  • жеке жактар үчүн - 50 миң сом (акцияга чейин 80 миң сом болчу);
  • юридикалык жактар үчүн - 70 миң сом (акцияга чейин 100 миң сом болчу);
  • чет өлкөлүк жарандар үчүн - 90 миң сом (мурда 120 миң сом) болот.

Акция ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген уруксат документтерине жайылтылбайт.

Акция 60 күнгө гана созулат. Унаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо үчүн унаа ээлери катталган жерине жана жашаган жерине карабастан "Унаа" мамлекеттик мекемесинин каалаган бөлүмүнө кайрылса болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14524