Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет дүйнө чемпиону болду
RU

Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн грек-күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетти.

Ал 60 кг чейинки салмак категориясында чыгып, 1/16 баскычынан баштаган.

23-сентябрда чечүүчү кармашта Шаршенбеков япониялык Кеничиро Фумитага каршы күрөшүп, Токиодогу Олимп оюндарынын вице-чемпионун жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Шаршенбеков өткөн жылы Сербияда да алтын медалга ээ болгон.

Шаршенбеков алтын медалдан тышкары Париж Олимпиадасына жолдомо да алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14529