Айгерим Расул кызы эл аралык сынакта баш байгени жеңип, "Дүйнө айымы" аталды
RU

Айгерим Расул кызы эл аралык сынакта баш байгени жеңип, "Дүйнө айымы" аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Айгерим Расул кызы Сочиде өткөн "Дүйнө айымы" сынагында баш байгени жеңип алды. Бул туурасында ырчы өзү билдирди.

"Аллахымдын каалоосу, элимдин батасы менен LADY WORLD сынагынан баш байгени утуп, "Дүйнө айымы" аталдым", - деп жазды соцтармактагы баракчасына.

Белгилесек, сынак Сочи шаарында 16-сентябрдан 23-сентябрга чейин өттү. Анда 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байге үчүн ат салышты.

Сынактын максаты - табигый сулуулукту, интеллектуалдык жана чыгармачылык өнүгүүнү, сергек жашоо образын, маданиятты, коомдук иштерге активдүү катышууну көрсөткөн аялдын позитивдүү имиджин калыптандыруу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14530