Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар жетишсиз болуп жатабы?
RU

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар жетишсиз болуп жатабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар тартыш эместигин Монополияны жөнгө салуу боюнча кызматтан кабарлады.

Буга чейин Россияда бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгендиги айтылган. Мындай чара ички рыноктогу абалды турукташтыруу үчүн колдонулган.

"Бирок чектөөнүн ЕАЭБ мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга тиешеси жок. Биржада күйүүчү майдын баасы жай айынан бери көп жолу өзгөргөн.

Эксперттер күйүүчү майдын кымбатташын "көмүскө" экспортко да байланыштырат. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар тартыш эмес", - деп жазылган маалыматта.

Россияда чектөөлөр киргизилгенден бери күйүүчү майдын баасы арзандай баштаганы белгиленген.

Эскерте кетсек, Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү. Анда индикативдик баланс болот - бул Россиядан күйүүчү майды пошлинасыз ташып келүү лимити.

Быйылкы жылга 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель каралган.

Өлкөдөгү дизель жана бензиндин басымдуу бөлүгү Россиядан ташып келинет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14531