"Бизди сыйлайсыңарбы же жокпу?!". Балбак Түлөбаев өкмөткө нааразы болду
RU

"Бизди сыйлайсыңарбы же жокпу?!". Балбак Түлөбаев өкмөткө нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Токой-чарба Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланмак. Бирок жыйынга министр өзү келбей, орун басарын жиберген. Буга комитет мүчөлөрү нааразы болушту.

Жыйындын катышуучусу Балбак Түлөбаев акыркы убакта өкмөт Жогорку Кеңешти сыйлабай жатат дейт.

"Бизге биринчи жолу келип жатасыңар, анан дагы дароо эле Кодексти алып келдиңер. Бизди токойго алып барып, эмнени өзгөртүп жатканыңарды көрсөтүп, талкуу кылган жоксуңар да. Алмаз Мустафаевич (ред.: Токой чарба мамлекеттик агенттиктин директору), комитеттин бир отурумунда карап бергиле дегениңер туурабы? Же министр жок. Сиздин министриңиз 6 айдан бери жок, комитетке бир дагы жолу басып келип койбойт. Бизди шылдың кылгансып ордуна санарип менен алектенген орун басарын жиберип ийиптир.

Урматтуу, президенттин орун басары, бизди сыйлайсыңарбы же сыйлабайсыңарбы?! Бизди сыйлабасаңар, биз да силерди сыйлабайбыз. Акыркы убакта өкмөт көнүп алдыңар Жогорку Кеңешти игнор кылып, сыйлабай койгонду.

Болуптур, мыйзамдуу укугуңарды колдонсоңор биз да колдонолу. Бул эмне шылдыңбы?", - деп ачууланды депутат.

Айыл чарба министринин, жетектөөчү орун басарлардын жыйынга келбей калганына байланыштуу кодекске өзгөртүү киргизүү маселеси жылдырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14535