Милициядан романтика. Бишкектин ИИББси "ала качуу жаман" деген социалдык ролик жарыялады
RU

Милициядан романтика. Бишкектин ИИББси "ала качуу жаман" деген социалдык ролик жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук милициянын басма сөз кызматы баш кошоордун алдында кыз-жигиттин мамилеси кандай болуш керек, деген суроого жооп берген социалдык ролик чыгарышты.

Роликтин биринчи бөлүгүндө бир нече жигит кызды ала качуу максатында машинеге салып кетишет. Ал эми экинчи бөлүгүндө баш кошоор алдындагы мамилелер жана үлпөт тойго даярдык көрүү көрсөтүлөт.

"Бишкектин ИИББси эскертет, баш кошуу үчүн адамды ала качууга кылмыш жазасы каралат", - деп милициянын билдирүүсүндө жазылган.

Болжол менен бул ролик, жакында эле уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн 26-жаштагы Айзада Канатбекованын окуясына милиция кызматынын реакциясы. Бул окуя өлкөнү шок кылып, милиция кызматынын иш алып баруусуна коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1454