Бишкек шаардык сотунун судьясы СИЗОго киргизилди
RU

Бишкек шаардык сотунун судьясы СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясын кармады. Коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, судья опузалап акча талап кылган.

Кабарлангандай, Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары эркинен ажыратуу менен байланышпаган кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакындарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схемага "ишенимдүү" адвокаттар тартылганы аныкталды.

Судьяга акча берүүнүн алдында жактоочунун жанында алдын ала даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Бул схема системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн. Анын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалып калса адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары акчаны юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган.

Ошону менен бирге зарыл болгон тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча "белгиленген коррупциялык схеманын иштешин", судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

27-сентябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы И.Н.А. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14567