Мээрим Жуманазарованын ордуна Азия оюндарына Нурзат Нуртаева барат
RU

Мээрим Жуманазарованын ордуна Азия оюндарына Нурзат Нуртаева барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында алган жаракатынан улам Азия оюндарына катыша албайт. Анын ордуна Нурзат Нуртаева бармай болду. Бул тууралуу күрөш боюнча федерациядан билдиришти.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында жарым финалга чыгаар алдында колун оорутуп алган. Мындан улам кийинки беттештерден баш тартууга аргасыз болгон эле.

Ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 2022-жылы коронавируска байланыштуу өтпөй калган Азия оюндары өтүп жатат.

4-октябрдан тартып күрөш боюнча беттештер башталат.

Грек-рим күрөшү боюнча курама менен Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Раззак Бейшекеев, Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков жана Роман Ким барат.

Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева бара турганы белгилүү болду.

Учурда Кыргызстандын курамасында Азия оюндарынан бир алтын жана бир коло байге бар. Алтын байгени дзюдочу Эрлан Шеров алып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14585