Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимин кайра кароо мыйзамын кабыл алды
RU

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимин кайра кароо мыйзамын кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорду кабыл алды.

Буга ылайык, Конституциялык соттун чыгарган тыянагы айрым учурда акыркы болуп саналбайт. Президенттин жана Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен кайра каралууга мүмкүн болот.

Аталган документти мамлекет башчы Садыр Жапаров демилгелеп, администрациясы тарабынан иштелип чыккан.

Эске салсак, бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында перезиденттин өкүлү Алмасбек Абытов аталган долбоорду күн тартибине кезексиз түрдө киргизип, бир учурда экинчи жана үчүнчү окууда карап берүүнү суранды. Буга ылайык, эч кандай талкуу болбой эле эл өкүлдөрү долбоорду колдошту.

Добуш берүүнүн алдында эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев менен Надира Нарматова бул мыйзам "матчествого" каршы жазылганын айтышты. Эми мыйзам мамлекет башчысы койгондон кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, Конституциялык соттун жашы жеткендерге атасынын атынын ордуна энесинин атына катталса болот деген маселеге уруксат берген чечими кыргызстандыктар тарабынан катуу талкууга алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14595