Германиянын ири компаниясы Чүйдө завод ачат
RU

Германиянын ири компаниясы Чүйдө завод ачат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров 28-сентябрда иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Knauf ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушууда Knauf компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Анда аталган ишкана Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканы белгиленди.

Азыркы реалдуулукта, Кыргызстанда курулуш катуу болуп турганда, бул тармак биздин өлкөбүздө өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Кыргызстан Германиянын Knauf сыяктуу ири компанияларынын өлкөгө келишине кызыкдар экенин билдирди.

Садыр Жапаров кыргыз тарап Ош жана Чүй облустарында гипсти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү менен курулуш материалдарын чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Заводдун ачылышы жана компаниянын өндүрүшүн Кыргызстанда жайылтуу жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөгө алдыңкы технологияларды берүүгө жигердүү салым кошот.

Мындан тышкары президент компаниянын кремний жана каолин кендерин иштетүүгө кызыгуусун колдоого жана зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Knauf компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Уве Кнотцер мамлекет башчысына жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, компаниянын Кыргызстандын түндүгүндө гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле жалпысынан өлкөдө компаниянын өндүрүшүн жайгаштырууга кызыкдар экендиги тууралуу айтып берди.

Заводдун Чүй облусунда курулушу жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү калктын бакубаттуулугун гана жакшыртпастан, жалпы аймактын өнүгүүсүнө кошумча түрткү берет. Келечекте Кыргызстандын түштүгүндө экинчи заводду куруу мүмкүнчүлүгү каралат.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттик менен Knauf компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

Маалымдама: Knauf - Европадагы жана анын чегинен тышкаркы курулуш материалдарын жана курулуш системаларын өндүрүүчүлөрдүн алдыңкыларынын бири. Компания 90дон ашык өлкөдө бар жана бардык беш континентте 80ден ашык иштетилбеген ташты өндүрүү компанияларын жана 300дөн ашык заводду башкарат. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү болжол менен 15 миллиард еврону түзөт.

Knauf компаниясы КМШ өлкөлөрүндө активдүү иш алып барат. Компания Борбор Азия аймагында 2001-жылы иштей баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14596