Жол кирени өз алдынча көтөргөн маршруттук фирмалар менен келишим бузулду
RU

Жол кирени өз алдынча көтөргөн маршруттук фирмалар менен келишим бузулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти "Дордой" базарынын аймагындагы коомдук транспортко рейд жүргүздү. Анда бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын шаардык мэриядан маалымдашат.

Мониторингдин жүрүшүндө №252, №226, №230, №203 жана №234 маршруттук линиялары белгиленген кыймыл интервалдарына жана пландалган чыгууларга туура келбегендиги аныкталган.

Мындан тышкары №226, №234, №252 жана №230 каттамдар коомдук транспорттун бекитилген жол кире тарифин өз билемдик менен жогорулаткан.

Жыйынтыгында жүргүнчү ташуучу компанияларга мыйзам бузуулар кайталанган учурда катаал чаралар көрүлүп, анын ичинде ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Каттамдарды тейлөө боюнча келишим "ДордойТранс" жана "ТрансКомЮнити" компаниялары менен бузулуп, эми бул каттамдарды Транспорт департаментине караштуу "БЭК" ишканасы өзүнүн кыймылдуу курамы менен тейлейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14598