Депутат зомбулукка шек жок болсо өлүккө экспертиза жүргүзбөөнү сунуштады
RU

Депутат зомбулукка шек жок болсо өлүккө экспертиза жүргүзбөөнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Лейла Лурова киши колдуу болбогон учурда өлүктү союуга каршы мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Демилгечи белгилегендей, колдонуудагы "Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө" мыйзамда өлүмдүн себеби жана оорунун диагнозу боюнча маалыматтарды алуу үчүн дарыгерлер тарабынан патологиялык экспертиза жүргүзүлө турган эреже белгиленген.

Эгерде маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы же маркумдун тирүү кезинде айткан керээзи болсо, зордук-зомбулукка шек жок болсо патологиялык экспертиза жүргүзүлбөйт.

Депутат бул бюрократиялык норманы жокко чыгарып, зордук-зомбулук менен өлүмгө шектелген учурда гана экспертиза жүргүзүүнү сунуштайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: ritualtrans.by.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14599