УКМК: Милициялар зордуктоо боюнча иш козгойбуз деп 400 миң сом опузалаган
RU

УКМК: Милициялар зордуктоо боюнча иш козгойбуз деп 400 миң сом опузалаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап акча талап кылганга шектелүүдө. УКМКнын маалыматында айтылгандай, кызматкелер жергиликтүү тургундан 400 миң сом акча талап кылып жатканда кармалды.

Ош ШИИБдин төрт ыкчам кызматкери - милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Ж.уулу Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

25-сентябрда жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын алкагында 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу кармалып, андан соң милициянын майору Ж.у.Н. кармалды. Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган милиция кызматкерлеринин ар биринин бул кылмышка катышуусунун ролу жана даражасы аныкталды.

Учурда кармалган кызматкер эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бул кылмышка тиешеси бар жогоруда аталган 3 кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, 28-сентябрда соттун чечими менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, издөөгө алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14601