"Тукумду кантип өндүрөсүз?". Депутат министрге ыңгайсыз суроо берди (видео)
RU

"Тукумду кантип өндүрөсүз?". Депутат министрге ыңгайсыз суроо берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов айыл чарба министринин докладын уккандан кийин бир катар маселелер боюнча тактоо суроолорун берди. Анда "тукум (жумуртка) өндүрөм дедиңиз, кантип өндүрөсүз" деп кызыкты.

Суроого айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков: "Жумуртканы мен өндүрбөйм, тоок тууйт. Жумуртканы өндүрүү биздеги тоок фабрикаларындагы тооктордун санына жараша болот", - деди.

Министр Кыргызстанда 4 ири жана 20дан ашык орточо тоок фабрикалары бар экенин кошумчалады.

Белгилесек, бүгүн, 29-сентябрда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы жана "Мекенчил" депутаттык тобу Айыл чарба министрлигинин 2023-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматын угушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14602